УКМК: «Кыргызстанда террористтик актыны ишке ашыруу максатында Ооганстандан келген жаран кармалды»

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-июлда УКМК тарабынан улантылып жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Кыргызстанда террористтик актыны ишке ашыруу максатында куралдуу чыр-чатактардын аймагынан келген Кыргыз Республикасынын жаранынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кармалган адам Ооганстан аймагында эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды. УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.