УКМК өлкөдөн 59,5 миллиард сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен жаранга издөө салат

Ири суммадагы каражатты өлкө аймагынан мыйзамсыз чыгарып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 48 жаштагы кыргыз жараны Бахтияр Жолдошбаев Кыргызстандан 59,5 млрд сом чыгарып кетүүгө шектелүүдө. Ал коррупция боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында изделип жатат.

«Бахтияр Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болгон болсо, УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн телефондору 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, ошондой эле 0555-55-30-46 мобилдик телефону аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранып кетебиз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет», — дешет комитеттен.