Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин жана ортомчулук кызматты аркалаган жарандардын ичинен жеке баюу максатында чет өлкөлүк жарандардан Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документтерди тариздөөдө опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды.
Кыргыз Республикасынын 4 жараны чет өлкөлүк жарандар менен байланыш түзүп, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча өз кызматтарын сунуштап, бул үчүн 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын которуу учурунда аталган адамдар кармалып, №21 мекемеге жайгаштырылды.