УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен Алай районунун тургуну кармалды

УКМК кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шектүү мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин мыйзам бузуу менен менчиктештиргенин текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында пара берген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.