Баңгизатты мыйзамсыз алып өтүү аракети учурунда Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
10-мартта жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык баңги кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Тактап айтканда, 1997-жылы туулган Өзбек жараны Кыргыз Республикасынан Өзбекстандын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон участоктору аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталды.
Ал кезектеги 1 килограмм «гашиш» баңгизатын өткөрүп берүү аракетинде кармалды. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.