УКМК: «Ленин райондук сотунун судьясы жасалма диплом колдонгон»

Дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 4-июлда УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

Ал 2003-жылы КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.