УКМК Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директорун кармады

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат.

2018-2020-жылдар аралыгында Майлуу-Суу шаардык жылуулук камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жогоруда аталган ишкананын кээ бир жумушчулары менен алдын ала сүйлөшүп алышып, өзгөчө ири суммадагы мазут жана газды мыйзамсыз эсептен чыгарып, мамлекеттик бюджетке 56 миллион 237 миң 224 сом зыян келтирилген аныкталган. Аталган фактылардын негизинде 26-февралда Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасынын мурдагы директору кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.