УКМК: «Матраимов жана айрым бажы кызматкерлери мамлекетке келтирген чыгымдарын төлөп жатышат»

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бажыдагы коррупция боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымат таратты.

УКМК Матраимов жана бул ишке тиешеси бар айрым бажы кызматкерлери мамлекетке келтирген чыгымдарын төлөп жатышат деп билдирди. Атайын кызмат азыркы жана мурдагы бажы кызматкерлеринен турган топ бажы посттору аркылуу жүк ташыган ишкерлерди калкалап, акысына сый-пул алып тургандыгынын далилин издөөнү улантууда.

20-октябрда Матраимов кармалып, ал эч жакка кетпейм деген тил кат менен эркиндикте калтырылган. Садыр Жапаров аны камакка албоо саясий чечим болгонун моюнуна алган. «Матраимов мамлекеттен алганын, мыйзамсыз байыган мүлктөрүн, акчасын Кыргыз өлкөсүнө алып келип берейин деп айткан» деген журналисттерге Жапаров. Матраимов кармалганда тергөө менен кызматташууга кол коюп, 80 миллион сом төлөп, баш-аягы 2 миллиард сомду ноябрь айынын аягына чейин которууга макул болгон. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, ал атайын эсепке 600 миллион сомдон ашык каражат которгон. Бүгүн ноябрь айынын акыркы күнү.