УКМК менен кызматташып, баалуу маалыматтарды берди делген Тайырбек Сарпашев кайра камакка алынды

«Кумтөр» ишине байланыштуу коррупцияга шектелип кармалган экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев кайра камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн жана ал УКМКнын тергөө абагында болот.

Тайырбек Сарпашев 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган болчу. Кийинчерээк анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнү, тил кат менен бошотулганы маалым болгон. 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-вице-премьердин УКМК менен кызматташып, баалуу маалыматтарды бергенин айткан. «Биринчи вице-премьер болуп турган маалында жасаган кылмыштары боюнча баалуу маалыматтарды берди. Ал адам тергөө менен макулдашып, үй камагына чыгардык. Бирок ал ар бир күн суракка келип жатат. Ал эми мыйзамсыз баюу боюнча башка иш. Аны өзүнчө карайбыз», — деген төрага.