УКМК: Минералдык жер семирткичтерди контрабандалык жол менен ташыгандар кармалды

1-январда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө УКМК чек ара кызматы менен биргеликте түнкү убакта Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
1994-жылы туулган эки Кыргыз жараны Ауди 100 маркасындагы автомашинаны пайдаланып, Тажикстандын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк токтотулуп, жоопту сактоочу жайга коюлган. Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.