УКМК: «Мурдагы аким имаратын сойкукана ачууга берген»

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким жана ири ишкер кармалды.

Экс-аким болгон «Ак-Суу» базарынын ээси имаратын сойкуканага берген. Ишкер уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышып, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды.

Топтолгон материалдардын негизинде, 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекстери жургүзүлүүдө.