УКМК: Мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду

Криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү документтеринин уруксаттары жок «Р.Г.» ЖЧКсынын мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган. Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды. Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.