Соттун милдетин аткаруучусу чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды.
2016-жылы аталган судья президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана 2021-жылдын 26-июнунда Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң, 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган. Ошону менен бирге, белгиленген процессуалдык тартипте УКМК тарабынан тастыкталып, Кыргыз Республикасынын судьялыгына талапкер катары тандоо процессинде чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган.
Мыйзамга ылайык, ал судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керек, анткени ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан тышкары чет мамлекеттин жарандыгына ээ. 2023-жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясына карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилди.