УКМК: Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты кармалды

«Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.у.К., ошондой эле «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты М.Ж. («Марлен Кей Джи” Фондунун директору) жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалышты.
2017-2020-жылдар аралыгында Т.у.К. аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси К.Б. жана жергиликтүү кеңештин депутаты М.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү деген шылтоо менен жарандардан мыйзамсыз түрдө акча өндүрүшкөн. Жарандар 30 000 (отуз миң) сомдон “Марлен Кей Джи” коомдук кайрымдуулук фондунун (ККФ) эсебине которууга мажбур болушкан. Бул коррупциялык схеманы ишке ашыруунун натыйжасында, акча каражаты Октябрь а/а бюджетинен айланып өтүп, жер тилкесин алуу үчүн шарт катары киргизилген.
“Айыл Банк” ААКсынан “Марлен Кей Джи” ККФнын финансылык эсептериндеги документтерди алуунун жыйынтыгында мыйзамсыз жыйымдардын жалпы суммасы 6 миллион 767 миң сомду түзгөндүгү, ал акчалар мезгил-мезгили менен М.Ж. тарабынан накталай алынып тургандыгы аныкталды. Ошол эле учурда “Марлен Кей Джи” ККФнын эсебине аталган төлөмдөрдү төлөгөн жарандардын саны 240тан ашат. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында аталган а/а жашоочуларынын жер тилкелерин алуудагы кезектүүлүк тартиби одоно бузулган. Муну менен катар Т.у.К.га карата Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусундагы жерлерди туугандарына жана өзүнүн жакындарына тиешелүү процедураларды жүргүзбөстөн мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.
25-майда аталган жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.