УКМК: «Өлкө жетекчилигине кол салууга камынган эл аралык кылмыш өкүлдөрү кармалды»

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болуп саналган Азербайжандын 5 жараны: В.М.Алиев, С.А.Багхиров, М.О.Асгаров, М.С.Бехбудров жана З.И.Маммадов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алынган ыкчам маалыматтар боюнча М.О.Асгаров криминалдык чөйрөдө «селсаяк» статусуна ээ, ал криминалдык чөйрөнү бекемдөө жана уурулук идеологиясын жайылтуу, ошондой эле өзүнүн статусун жогорулатуу максатында бүткүл постсоветтик мейкиндикте таасир эткен уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшүү боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу өлкөнүн жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн аталган шериктери менен Кыргызстандын аймагына келген.

«Тактап айтканда, алардын кылмыштуу пландары УКМК тарабынан кылмыштуу идеологиядан массалык түрдө баш тартуу жана камактагылардын жана эркиндикте жүргөндөрдүн арасында мындан ары мамлекеттик саясатты колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын фонунда пайда болуп, чет элдик криминалдык лидерлердин арасында нааразычылык жаралып, бул жагдай келечекте аларга терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүнөн кооптонушкан. Буга байланыштуу УКМК 22-мартта ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында жогоруда аталган адамдардын бардыгы кармалган. Учурда аларды мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.