Адвокат: «УКМК Орхан Инандыны издөөгө катышкан жок»

«Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунова соцтармактагы баракчасына Инандыны издөөгө УКМКнын кызматкерлери катышпагандыгын жазып чыкты. Жактоочу “УКМК издөө иштерине кош көңүл мамиле кылышты. Эгерде алар жакшы издесе, анда аны сөзсүз табышмак, анткени алардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк” деп билдирет.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.