УКМК: «Ош-аэропорту» көзөмөл пунктунун 20 кызматкеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат»

УКМКнын Чек ара кызматынын “Ош-аэропорту” көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналыл аныктады. Тактап айтканда, аталган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун 20 кызматкеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.