УКМК: Ош облусунун бажы кызматкерлери жана ишкерлер кармалды

УКМК тарабынан Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып алып келүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Апрель айынан тарта “К.Г.” ЖЧКнын, “Г.Д.” ЖЧКнын, “А.Т.” ЖЧКнын жана “К.Т.” ЖЧКнын өкүлдөрү Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн. Өз кезегинде бажы кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктын белгилери бар экендигине карабастан, 100дөн ашык жасалма документтердин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн. Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКнын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча “Ош” бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун эки инспектору С.И.Ч. жана М.К.А., ошондой эле Т.Т.Ж. жана А.А.А. компанияларынын өкүлдөрү кармалып, №25 тергөө абагына киргизилди. Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.