УКМК: Ошто милициянын подполковниги баңги затын таркатып жүргөн жеринен кармалды

Ошто подполковник баңги затын таркатып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган кылмыш иштин алкагында, 1982-жылы туулган милициянын подполковниги А.У.К. жана 1998-жылы туулган милициянын старшинасы Т.у.А. кармалды.

УКМК кызматкерлери тарабынан 2-апрелге караган түнү саат 03:15 чамасында 1 килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги затын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн 4-взводунун кенже инспектору кармалды. Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.