УКМК Ошто теракт жасоону пландаган адамды кармады

31-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз өлкөсүнүн аймагында пландалган терактынын алдын алды. Бул тууралуу мекеменин пресс кызматы маалымат таратты. Маалыматка ылайык, иш-чара коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иштин натыйжасында болгон. Окуяга байланыштуу Ош облусунун аймагында 1998-жылы туулган Кыргыз жараны кармалган. «Кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон. Башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат даярдамак экен», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылган. Ал УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иши жүрүүдө.