УКМК өзбекстандык кримавторитет «Салимбайга» издөө жарыялады

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганына байланыштуу криминалдык авторитет, өзбекстандык ишкер Абдувалиев Салим Кыргызбаевичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин «Мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстан Руспубликасынын ири ишкерлеринин бири жана кылмыш дүйнөсүнүн лидери Абдувалиев Салим Кыргызбаевич («Салимбай Байбача» деп аталган криминалдык авторитет, Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн формалдуу эмес лидери, 2024 –жылы ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн Өзбекстандын сот органдары тарабынан соттолгон) тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Абдувалиев Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыштуу топтордун лидери болуу менен бирге КМШ өлкөлөрүнө да түздөн-түз таасирин тийгизип, баңги каражаттарды Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу каналдарын уюштуруп, «Мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбек менен байланыш түзүп, системалуу түрдө материалдык жардам көрсөтүү аркылуу, анын Кыргызстандагы криминалдык дүйнөсүнүн, ошондой эле Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында, региондун башка таасирдүү криминалдык авторитеттеринин арасында лидер болуп калуусуна өз колдоосун көрсөткөн.

Ошол эле учурда Көлбаев менен Абдувалиевдин жакын мамиледе болгондугуна Көлбаевдин Өзбекстан Республикасынын аймагында Абдувалиев тарабынан уюштурулган салтанаттарга жана башка иш-чараларга бир нече жолу барганы тууралуу маалыматтар далил боло алат.

Чогултулган материалдардын негизинде Абдувалиевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Мындан тышкары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.