УКМК: 500 доллар пара алууга шектелип ИИМдин тергөөчүсү кармалды

Пара алуу фактысы боюнча ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды. 9-июнда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги кармалды. Бул факты УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара алуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Кармалган адам Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.