УКМК: «Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды»

Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү (пара берүү) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чет элдик жана Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

Кыргыз Республикасындагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес. Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, “кызмат” үчүн 1 миң доллар өлчөмүндө материалдык сыйлык сунушташкан.

29-майда чет элдик жаран жана Кыргыз Республикасынын жараны пара катары 500 доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Чет элдик жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.