УКМК президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысын кармады

УКМК тарабынан президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, кармалган жаранга пара талап кылуу айыбы тагылды.

«Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасынын түзүлгөнү такталды. Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

18-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө. Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы — Апенов Таалайбек Бекболотович.