УКМК: «Президенттин Баткен облусундагы атайын өкүлүнүн диплому жасалма экени аныкталды»

Жогорку билими тууралуу жасалма диплом колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Баткен районунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. 2004-жылы ал Баткен мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз тапшырган. 2005-жылы кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен жогорку билими тууралуу диплом алууга негиз болгон.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмүндө (документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Мамыржан Рахимов — Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү. Ал бул кызматка 14-майда дайындалган. Буга чейин Баткен шаарынын мэри болгон.