УКМК Райымбек Матраимовдун кармалганын тастыктады

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Матримов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

«Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Р.Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү улантууда.
2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.
Райымбек Матраимов УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт.
УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдамакчы”, – деп билдирди мекеме.