УКМК Райымбек Матраимовдун кармалышы тууралуу маалымат таратты

Эл аралык издөөдө жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

25-мартта УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжандын аймагында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбек Ысмайыловичти эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келди. Ошондой эле аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алып келинди.

Райымбек Матраимов жоюлган «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.