УКМК Равшан Жээнбековдун жубайынын иши боюнча маалымат берди

Равшан Жээнбековдун жубайынын иши боюнча жеке адамдарга мыйзамсыз ижарага берилип кеткен кымбат баалуу жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Алимбаева жеке бизнес өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, акыркысын мамлекеттик органдарда байланышы бар экенине ишендирип, жерди ижарага берүү боюнча тендерде жеңүүчү деп 500 миң доллар алган.

«Финансы министрлигине караштуу «Инфосистема» ишканасы менен болгон байланыштары аркылуу, Алимбаева жеке бизнестин аталган өкүлдөрүнө Бишкек шаарындагы кымбат баалуу 2 жер тилкесин ижарага берүү боюнча тооруктарды өткөрүүдө «электрондук соода аянтчасы» автоматташтырылган системасында акчалай эмес катышуучулардын аракеттерине бөгөт коюу функциясын мыйзамсыз пайдалануу жолу менен жеңишти камсыз кылган. Бул иш боюнча Алимбаева менен бирге «Инфосистема» ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар да кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөөдө көрүлгөн чаралар менен көрсөтүлгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулуп, баасы экспертизанын корутундусуна ылайык 1 миллиард 464 миллион 383 миң сомду түзгөн. Бул жагдайда социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын Равшан Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бул кылмыш ишинин саясий өңүтү бар делген, жалган маалымат тараткан божомолдору туура эместигин белгилейбиз. Жээнбековдун тергөөгө эч кандай тиешеси жок», — дешти.

Алимбаева ден соолугуна байланыштуу камактан 29-июлда бошотулган. УКМК дагы бир жолу интернетте тараган ушак-айыңдардын маанисиздигине көңүл буруп, бул кылмыш ишинин тергөөсү акыркы баскычта экенин билдирет.