УКМК Равшан Жээнбековдун карындашын мыйзамсыз баюуга шектөөдө

Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова УКМК тарабынан мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мыйзамдуу киреше булактары жок болуп туруп, мүлктүн көптөгөн объектилерине ээ болгон, атап айтканда ага тиешелүү 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын «алтын аянты» деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган. Муну менен катар, аталган судья кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, кезегинде эч кандай далилденген мыйзамдуу киреше булактарын жок кылуу үчүн жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн.

«Учурда Мира Жээнбековага таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжалары боюнча кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, Мира Жээнбекова саясатчы Равшан Жээнбековдун бир тууган карындашы. Ал бүгүн соцтармакта УКМК кызматкерлери анын жана карындаштарынын үйүн тинтүүгө алганын билдирген.

Сереп Медиа агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан Равшан Жээнбековдун үйүндө тинтүү болбогонун билдиришти.