УКМК: «Өздөрүн Жапаров менен Ташиевдин жакындары катары тааныштыргандар кармалды» (видео)

Өздөрүн мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары катары тааныштырган алдамчылар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал адамдар Бажы кызматынын жана Салык кызматынын кызмат адамдарын коркутуп, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан жеке жактарды, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоочуларды көзөмөлгө алышканы тастыкталган. Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын алкагында бизнес чөйрөсүндөгү субъектилерди көзөмөлдөө жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын коркутуу фактылары документтештирилди. Мындан тышкары, бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен товарларды өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары көрүлдү. 4-февралда өздөрүн мамлекет башчынын тууганы жана УКМКнын төрагасы менен байланышы бар катары тааныштырган адамдар товарларды ташып келүүнү кайра жандандыруу максатында УКМКнын кызматкерине пара сунуштап, 1600 доллар өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.