УКМК салык кызматынын жана ИИМдин кызматкерлерин кармады (видео)

Мамлекеттик салык кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “пара талап кылуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталган.

22-апрелде ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусу боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча сектордун улук инспектору В.Е.Х., Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматынын инспектору Э.Н.А., Чүй облусунун күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Т.А.Т. жана ортомчусу Д.Г.Б. кармалды.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.