Сапатсыз битум алынып келингени аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагына битум материалдарын мыйзамсыз ташып келүү фактысынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүгү (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан контрабанда же жасалма документтерди колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.
«Курулуш сертификация» республикалык борборунун түштүк филиалынын адистери жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча, стандартка жооп бербеген компаниялары тарабынан сапатсыз продукцияны ташып келүү фактысы тастыкталган.
Продукциялар тиешелүү декларациясы жана каттоосу жок алынып келинген, бул сапатсыз жана потенциалдуу кооптуу продукцияны ташып келүү аракеттерин көрсөтүп турат. Жол курууда жасалма битумду колдонуу бюджетке зыян келтирип, жолдун үстүн жана коопсуздук нормаларын бузууга алып келет.
Мындан улам, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча «Т» ЖЧКсынын жана «А» ААКсынын кызматтык имараттарында тинтүү жүргүзүлүп, аталган компанияларга тиешелүү битум чуңкурлары мөөрлөнүп бекитилди. Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат»,- деп айтылат маалыматта.