Ош шаарынын «Туран» кичи районундагы турак үйлөргө келтирилген зыяндын себептерин текшерүүнүн жыйынтыгында, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен пайда болуучу сел агымынын багыты боюнча жайгашкан жана жашоо үчүн кооптуу жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында жооптуу муниципалдык кызмат адамдары: Ош шаарынын экс-вице-мэри А.Ж.М., Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы С.А.Э., «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын экс-башчысы Т.А.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га Ош шаарынын Туран кичи районунун түштүк тарабында жайгашкан сел сууларын агызуучу каналдын (аянты 2,2 га) жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам берген.
Мындан улам, сел сууларын агызуучу каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларга ири сел агындары келип түшкөн. Натыйжада Туран кичи районуна жакын жайгашкан жеке турак жайларды жана жерлерди, аймакты көрктөндүрүү инфраструктурасын сел алып кетип, жашоочулардын өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында жер тилкесин мыйзамсыз чыгарууга тиешеси бар А.Ж.М., С.А.Э, С.И.Б. жана Т.А.А аттуу жооптуу кызмат адамдары кармалып, Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын Башкы тергөө абагына киргизилди. Ошол эле учурда Ош шаардык Кеңешинин депутаты И.А.Ш.га издөө жарыяланды.