УКМК: «Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатат»

Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

«18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды таратуу) менен кылмышка шектүү кармалды. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин журналисттин кармалганын анын жубайы билдирген болчу.