УКМК: Сирияга кетүүгө аракет кылышкан чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө шектелүүдө

13-мартта Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн. Алар

Кыргыз Республикасына келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан. Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.