УКМК: «Сойкулукту колдоого алган шаардык милиция кызматкерлери кармалды»

Пара талап кылган жана сойкулукту колдоого алууга шектелген шаардык милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп Пакистандын жаранын коркутуп, мындай аракеттер үчүн административдик жоопкерчилик каралганына карабастан андан 3,5 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Мындан тышкары, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогоруда аталган ИИМдин кызматкерлери жана Пакистандын жарандары сойкулук үчүн жайды уюштурууга жана кармоого катыштыгы бар экендиги, алар интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп жүргөн башка Пакистандын жарандарын камкордукка алып, ал үчүн системалуу түрдө акча алып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

2-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын катышуусунда акча каражатын берип жаткан жеринен “ортомчу” Пакистандын жараны, андан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Алардын иштеген жеринде керектүү тергөө амалдары жүргүзүлдү. Чогултулган материалдардын негизинде милиция кызматкери жана Свердлов РИИБнин кызматкери жана Пакистандын жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.