УКМК: «Старый Толчок» – «Евразия» базары мыйзамсыз менчиктештирилген»

“Старый Толчок” – “Евразия” базарын мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча УКМК маалымат берди.

УКМК коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында “Старый Толчок” – “Евразия” базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктаган.

Тактап айтканда, Айыл жана суу чарба министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 гектар жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен. Белгилей кетсек, «Шар-Чебер» жеке кооперативи Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министрлигинин айрым кызматкерлери менен бирдикте болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, «Евразия» базарынын жалпы аянты 1,14 гектар жер тилкеси жана жалпы аянты 3000 м2 дан ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.