УКМК: «Судьялар, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар Ысык-Көлдөгү коттедж жана батирлерди парага алышкан»

УКМК сот тутумундагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө, атап айтканда, сөз Ысык-Көл районундагы «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер жөнүндө.

2010-жылдын 25-майында Убактылуу Өкмөттүн №43 Декрети менен 10 гектар жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган. Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан. Натыйжада суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сомдон ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, Жогорку Соттун төрагасынын мурдагы орун басары, Жогорку Соттун азыркы судьялары жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, бул кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.