УКМК: «Сузак айыл өкмөтүн өрттөгөндөр аныкталып, 6 миллион сом төлөп беришти»

2021-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад облусундагы Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыккан. Өрт документтерин жок кылып, Сузак айылдык кеңешинин жана өкмөтүнүн айрым жооптуу адамдарынын акча каражаттарын уурдоого жана башка көп сандаган мыйзам бузууларга катыштыгы бар экендигин аныкталган.

Өрттөө боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу, бул кылмышты жасагандар убагында аныкталбай калган. Кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында, 2023-жылдын август айында бул иш боюнча тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына алынып өндүрүшүнө киргизилген.

«Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде өрт коюуга уюштуруучулар менен күнөөкөрлөрдүн катыштыгы бар экени аныкталып, далилденди жана алар камакка алынды. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 миллион сом өлчөмүндөгү зыян алар тарабынан толугу менен толтурулуп, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалган.

27-январда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ташиев айыл өкмөт имаратынын капиталдык ремонтуна карата иш-чарага катышып, ага Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана активтери катышты», — деп айтылат маалыматта.