УКМК сүт өндүргөн жашыруун цехти хансарайдан тапты (сүрөт)

Жылдык жүгүртүүсү 140 миллион сомдон ашык жашыруун цехтердин мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорунун ортосунда ортомчу болушуп, алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга сүттү түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып келишкен.

«Сүт сатып алуучулар антисанитардык шарттарда максималдуу пайда алуу максатында үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкек шаарынын ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүшүп, андан кийин алар сүт заводдоруна жеткирилгендиги аныкталган. Мындан сырткары, сүт өндүрүүчүлөр салыктарды төлөөдөн качуу максатында кирешенин иш жүзүндөгү суммасын атайылап жашырышкан. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашык болгондугун, мында салыкка келтирилген алдын-ала зыяндын суммасы 34 миллион сомго жакынды түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

10-майда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, чийки сүт өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруучуларынын бири кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.