УКМК: «Талас мэриясынын жетекчилеринин биринен жасалма диплом аныкталды»

УКМК маалымат таратып, Талас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталганын билдирди.

Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.