УКМК: Талас шаардык милициясынын кызматкери кармалды. Ал тургунду баңгизат сатууга мажбурлоого шектелүүдө

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте баңги затын сатуу үчүн акча каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан учурда Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Кармалган кызматкер белгилүү убакыт аралыгында баңги затын алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Талас шаарынын тургунун баңги зат сатууга мажбурлаган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.