УКМК тарабынан Бишкектин вице-мэри кармалды

УКМК тарабынан Бишкектин вице-мэри Азат Узаков кармалды. Бул тууралуу маалыматты атайын кызматтан билдиришти.

УКМК мектептерди курууда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу иштеринин жүрүшүндө коррупциялык схеманын болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин тергеп жатат. Бишкек шаарынын вице-мэри өкмөттүк аппараттын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөп турганда, менчик компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган. Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы орто мектептин курулушун каржылоодо ал мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, менчик компаниянын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону аныкталды. Такталган боюнча, тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген. Мектептин жер төлөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын вице-мэри, менчик компаниянын башкы директору жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин бөлүм башчысы кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилишти.