УКМК тарабынан Чек ара кызматынын бир нече башчысы кармалды

УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча айып тагылды. «Достук-унаа жолу» текшерип өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстан Республикасынын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.

19-октябрдагы иш-чаралардын жүрүшүндө, «Достук-унаа жолу» текшерип өткөрмө пунктунун башчысы, УКМКнын Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы, ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары кармалды. Бардык кармалгандар УКМКнын Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.