УКМК тарабынан ЖОЖдун деканы кармалды

Кыргызстандагы ЖОЖдордун бириндеги коррупциялык схема жоюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 26-июлда кыргыз-өзбек эл аралык университетинин (Ош шаары) гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканынын орун басары кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, аталган факультеттин деканы коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камакка алынды.