УКМК тарабынан «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси кармалды (сүрөт)

Акча талап кылуу фактысы менен маалымат агенттиктердин биринин жетекчиси кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча кечээ, 22-февралда 84 миң сом алып жатканда маалымат агенттиктин жетекчиси М.Ү.К. колго түшүрүлгөн. Иш Жазык кодексинин 203-беренеси менен каралып жатат.

Шектүү бул акчаны сайттагы видеоматериалды өчүрүү үчүн талап кылган. Шектүү УКМКнын абагына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, укук коргоо кызматкерлери «Кабарлар» маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетованы кармашкан.