Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына З.С. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда А.И.ге карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, А.И. арыз ээсинин жолдошу 2-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалганын билип, ага карата арыз жазам деп коркуткан. Ошондой эле ал арыз берсе, кырдаал дагы да начарлап кетиши мүмкүн экенин айтып шантаж кылган. Тергөө маалыматтарына ылайык, А.И. өзүнө өзгөчө ири өлчөмдө материалдык пайда алуу максатын көздөп, арыз жазуудан баш тартуу жана арыз ээсинин жолдошунун абалына таасир этиши мүмкүн болгон мындан аркы аракеттерди жасабоо үчүн 50 миң доллар талап кылган.