УКМК тарабынан кызматтык жасалмачылык фактысы аныкталды

УКМК тарабынан учурдагы Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары мурда Сокулук айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеп турган убагында кызматтык жасалмалуулук фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматкер банктардын биринен ири өлчөмдө насыя алуу үчүн Кыргыз жаранына жасалма күбөлүк берген, бирок каттоо журналында башка жаранга берилди деп катталып, жарандын 770 баш чочкосу, 100 баш ую, 22 баш бука жана 200 баш майда бодо малы бар экендиги жөнүндө жалган маалыматтар маалымдамага жазылгандыгы аныкталды. Жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 1-бөлүмү (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.