УКМК тарабынан пара берүүгө шектелип Тажик жараны кармалды

Тажикстан Республикасынын жараны кызмат адамына пара бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажик Республикасынын Хатлон облусунун Балхи айылында туулган жаран эч кандай уруксат кагазы жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Кармалган жаран 2019-жылдын 6-июлунан бери Кыргыз Республикасынын аймагында экени, ал Душанбе-Бишкек авиакаттамы менен 1988-жылы туулган Орус жаранынын чакыруусу менен келгени аныкталган.

«Буга байланыштуу 9-февралда жаран тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн УКМКга чакырылган. Сурамжылоо учурунда ал “Мега Центр” соода борборунда эч кандай уруксат кагаздары жок иштеп жатканын айтып, ал аны чыгарып салбоосун суранып, пара катары кызмат адамына акча каражатын сунуштаган. 10-февралда бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүндө (пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган. 11-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан ал кызмат адамына сунуштаган акча каражатынын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалды»,— деп айтылат маалыматта.