УКМК: Телеканалдын журналисттери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери тарабынан, өздөрүнүн кесиптик ишмердигинен пайдалануу аркылуу өлкө жарандарынан аброюна шек келтирүүчү мүнөздөгү видеоматериалдарды жарыялайбыз деп коркутуп, системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Учурда Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгы менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан жолдордогу мыйзам бузууларды каттоого багытталган рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Деген менен ММКнын айрым кызматкерлери тарабынан рейд учурунда тартылган видеоматериалдар кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап акча талап кылуу үчүн колдонулуп, мындан учурда жарандар коомдук айыптоого жана кадырын кетирүүгө жол бербөө максатында талап кылынган акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушат.

Алсак, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өлкөдөгү телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылышкан. Ошол эле учурда, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, алардын алдында карыздык милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө милдеттеме жазууга мажбурлашкан жана анын унаасын күрөөгө мыйзамсыз ээлеп алган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 9-июль күнү аталган адамдар 2 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын өткөрүп жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган фактыга тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар комплекси жүргүзүлүүдө, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.